• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Иманалиев "Кыргызстан дипломаттары" коомдук уюмунун "Тилекмат аке" сыйлыгына ээ болду

Коом 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмеси «Тилекмат аке» фонду менен бирдикте 2013-жылдан бери дипломатия жана эл аралык мамилелер тармагында Кыргызстандын аброюн көтөрүүгө, өлкөбүздүн экономикасына инвестиция тартууга жана кыргыз дипломатиясынын таасирин күчөтүүгө кошкон салымы үчүн «Тилекмат Аке» төш белгисин (алтын жана күмүш даражада) ыйгарып келет.

Буга чейин бул сыйлыкка кыргыз дипломатиясынын өкүлдөрү – М.Иманалиев, Р.Отунбаева, М.Саралинов, А.Осмоналиев, Б.Сыргабаев, чет элдик элчилер – М.Шаханов (Казакстан) Метин Кылыч (Түркия), Ли Йонг (Бириккен Улуттар Уюму) жана КМШ өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөр коомдук бирикмесинин президенти Т.Усубалиев ээ болушкан.

Коомдук Бирикменин чечими менен быйылкы жылдын сыйлыгына эл өкүлдөрүнөн биринчи болуп Жогорку Кенештин депутаты Каныбек Иманалиев менен Кыргызстандын Калькуттадагы ардактуу консулу Прамуд Кумар Сарафтын талапкерлиги татыктуу деп табылды.

Сыйлык тапшыруу аземине «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикменин ардактуу президенти, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укутуу элчиси Нургазы Кемелбаев, бирикменин төрагасы Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев, «Тилекмат Аке» фондунун өкүлдөрү, Тилекмат Акенин урпактары – салык кызматынын генерал-майору Майрам Шеримбекова менен физика-техника илимдеринин доктору Нурбек Касмамбетов катышат.

Пикир

Оставить комментарий