• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Депутат Исмаилова: Кышында электр тарифи өлкөнүн баардык аймагы үчүн 2000 кВт/саат үчүн 77 тыйындан болуш керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. 2019-2020-жылдардагы кыш мезгилинде электр тарифи өлкөнүн баардык аймагы үчүн 2000 кВт/саат үчүн 77 тыйындан белгилениши керек. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, Улуттук энергохолдингдин баардык чыгымдары биздин электр тарифибизде отурат. Өлкөнүн миллиарддаган активин «Улуттук энергохолдинг» аталган жеке менчик компаниянын колуна кармата берип, өзүбүз сызга отуруп калдык. Аны электр энергиясынан эзели киреше таппаган «Электр станциялары» ишканасы багууда. Өткөндө Улуттук энергохолдинг боюнча маселе талкууланып, тармактык комитет өкмөткө анын тагдырын биротоло чечүү тапшырмасын берген.

«Ачыгын айтыш керек, азыркы орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын мөөнөтү эбак эле өткөн. Ошого карабастан, калктан электр энергиясынын акысын мыйзамсыз алуу жосуну улантылып жатат. Өкмөт тарабынан кыш мезгили аяктаган соӊ, тариф саясатын кайра кароо чаралары пландаштырылууда. Мында баардык тобокелчиликтер толук эске алынып, социалдык теӊчилик орношу зарыл. Мисалы, 2019-2020-жылдардагы кыш мезгилинде электр тарифи өлкөнүн баардык аймагы үчүн 2000 кВт/саат үчүн 77 тыйындан белгилениши керек. Ал үчүн биз бул тармактагы жоготууларды азайтып, коррупциялык жосундарды жоюуга тийишпиз», – деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий