• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат: Күрөөканалардын ишине көзөмөлдү кыйла күчөтүшүбүз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын учурунда эл өкүлдөрү карапайым калк муктаждыктан улам күрөөканаларга алданып, мүлкүнөн айрылып жатканын жүйө келтиришип, аталган жаатта тиешелүү чараларды көрүү керектигин белгилешти. Алсак, депутат Азамат Арапбаев күрөөканалар берген акчанын көлөмүнө жана пайызына чектөө киргизүү зарылчылыгын белгилеп: “Көпчүлүк жарандарыбыз үй-жайын, унаа жана башка баалуу мүлктөрүн каржылык жактан муктаждык жаралганда күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин кайрый албай калып жатышат. Андыктан, алардын ишин көзөмөлгө алуу учур талабы” – деди.

Жыйынтыгында Өкмөткө күрөөканалардан берилүүчү каржынын көлөмүнө жана анын пайызына чектөө киргизүү сунушун карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Андан сырткары, комитет мүчөлөрү КР Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декбарында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге интергарциялануу шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денансациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Пикир

Оставить комментарий