• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат К.Жумалиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү аныкталды - Финпол

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат КР Башкы прокуратурасы тарабынан катталган КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда К.Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары белгилүү болду. Ошондой эле, К.Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев аттуу жаран өзүнүн байлыгын мыйзамсыз жасаган деп бир нече саясатчынын атын атап өткөн. Бул саясатчылардын ичинде депутат Кубанычбек Жумалиевдин да ысымы айтылган. Кийинчерээк, Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча ИИМ тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий