• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иштинин материалы УКМКга өткөрүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. “Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 3-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура К.Исаевге карата ал Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда кылмыш кылууга шектелип козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жандандырган.

Чүй жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура органдарында ишмердүүлүктүн бардык тармагы боюнча жумушчу тобу түзүлгөнү маалым.

Жумушчу топ Чүй облусунун прокуратурасынын өндүрүштүк тергөө бөлүмүндө турган жана токтотулган кылмыш ишин текшерүүнүн жүрүшүндө кылмыш ишинин негизсиз токтотулганын аныктады.

Кылмыш иши боюнча негизсиз чечим кабыл алууну текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча К.Исаев мэр болуп турган учурда Токмок шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын кызматтык жана коррупциялык иштери боюнча козголгон кылмыш иштери дагы токтотулган.

Чүй жана Жалал-Абад облустарынын прокурасындагы пландык текшерүүнүн жүрүшүндө К.Исаев мэр болуп турган учурда Токмок шаарында жайгашкан китепкана мекемесин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча мурда иликтенип, токтотулган кылмыш ишинин материалдары жоголгону аныкталды.

Чүй облусунун прокуратурасы республиканын Башкы прокуратурасынын жоголгон кылмыш ишинин материалдарын калыбына келтирүү тууралуу токтомунун негизинде жогоруда айтылган жоголгон кылмыш ишинин материалдарын издөө жана калыбына келтирүү боюнча чараларды абыл алгандыгы маалымдалган.

Иштин материалдары Чүй прокуратурасында азыр камакта отурган Руслан Нурбеков прокурор болуп турган учурда жоголгон. Ага карата кылмы иши козголду.

Ноябрда Башкы прокуратура К.Исаевге карата Кылмыш кодексинин 303-беренеси (“Коррупция”) боюнча козголгон кылмыш ишин кайра кароону баштаган.

Булак: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий