• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстан” фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга ар бир парламенттик фракциядан төмөнкү өкүлдөр кирди:

Дастан Жумабеков, Алмазбек Токторов “Кыргызстан”,

Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Мухтарбек Айнакулов (КСДП),

Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов (“Республика – Ата Журт”),

Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс”),

Улукбек Ормонов (“Бир Бол”),

Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”).

Пикир

Оставить комментарий