• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Карашев: Ишкерлерге жардам болбой, тескерисинче көптөгөн тоскоолдуктар жаралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Ишкерлерге бирдей шар түзүп берип жатабыз дегени менен, тескерисинче ишкерлерге көптөгөн кошумча тоскоолдуктар жаралууда. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев парламенттин жыйынында билдирди.

Жогорку Кеӊеште Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында иштелип чыккан "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, ал тармактык комитеттин кароосуна экинчи окуунун режиминде кайтарылды.

Карашев ишкерлердин атаандаштыгына бирдей шар түзүп берип жатабыз дегени менен, Экономика министрлиги баш болгон мамлекеттик органдар тескерисинче ишкерлерге кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын, ага сунушталган мыйзам долбоору мисал болорун айтты.

"Алардын бизге айтканы менен жазган мыйзам долбоорунун ортосунда кыйла айырма болууда", – деди Карашев.

Депутат Зиядин Жамалдинов эл аралык талаптар ушундай дегенибиз менен, бул мыйзам долбоору ишкерлерге бир топ тоскоолдуктарды жарата турган ченемдик укук актысы болуп калганын, анын жоболорун кыйла жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал буга "Кыргыз Түштүк Цемент" компаниясынын ишин мисал тартты. Депутаттын айтымында, аталган ишкана өндүрүлгөн цементти экспортко арзан чыгарып, ички рынокко кымбат баада сатууда. Мындай баа саясаты атамекендик ишкерлердин атаандаштыгына зыян келтирет.

Ал эми депутат Бактыбек Турусбеков Экономика министрлигинин ЕАЭБ алкагында улуттук мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү ишин координациялай турган түзүмдүн түзүлүшүнө карата пикирине кызыкты. Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргендиктен, мыйзамдардын өз ара шайкеш келтирилиши биздин ишкерлер үчүн өтө зарыл экенин билдирди.

"Азыркы каралып жаткан мыйзам долбоору дагы ошондой ченемдик укук актылардын катарына кирет", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий