• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Касымалиева Брюсселде адам укуктары боюнча өтүп жаткан эл аралык иш-чарага катышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Брюсселде "Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтык" темасында өтүп жаткан иш-чарага катышууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, балдарга карата көрсөтүлгөн кордук, аялдардын саясаттагы орду, үй-бүлөнү, ишкер айымдарды колдоо жана бул жаатта башка өлкөлөрдүн депутаттары менен кызматташуу сыяктуу маселелер боюнча сөз болуп, кеңири талкууга алынды.

Бул эл аралык иш-чарада депутат Аида Касымалиева Кыргызстанда аялдардын жана балдардын укуктарына арналган жана бул жаатта кабыл алынган мыйзамдар, ошондой эле алдыдагы чакырыктар тууралуу баяндама жасады. Эл өкүлү 2018-2019-жылдары мигранттардын балдарынын абалы, балдарга жөлөкпул боюнча мыйзамды дагы өркүндөтүү, анын аткарылышын камсыздоо, аталган маселе боюнча жер-жерлерде иш алпаруу керектигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, жыйында Өзбекстандын Юстиция министринин орун басары Акбар Ташкулов, Тажикстандын Юстиция министринин орун басары Шахноза Анвар Нодири, Динара Оспанова (Казакстан), Шемшат Атаджанова (Түркмөнстан), Евгений Жовтис (Казакстан) өз өлкөлөрүндөгү абал боюнча баяндамалары жасашты.

Талкууда эң башкы тенденция - Борбор Азия өлкөлөрү аймактык интеграцияга бет алганы даана байкалып турду.

Пикир

Оставить комментарий