• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Касымалиева: Петиция - коомдук пикирдин маанилүүлүгүн иликтөөнүн негизги каражаты

Коом 0

Бишкек, 03.05.19 /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында "Жарандардын кайрылууларын короонун тартиби жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу онлайн режиминде петицияларды сунуштоо жана кол коюу механизмдерин киргизүү чараларын караган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү.

Иш-чарага аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү менен тармактык серепчилери катышты.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева аталган демилгенин мааниси тууралуу кеӊири маалымат берип: "Петиция - курч маселелер боюнча коомдук пикирдин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун иликтөөнүн негизги каражаты болуп эсептелет. Андыктан мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу менен коомдук турмушту өнүктүрүүгө багытталган. Андан тышкары, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо аркылуу мамлекеттеги көйгөйлөрдү чечүүгө карата жигердүү катышуусун камсыздоону жөнгө салат", - деди.

Белгилей кетсек, мыйзамдарга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө ылайык, кайсы бир маселе боюнча 5 миӊден кем эмес жаран кол койгон петициялар парламенттин тармактык комитеттери тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек. Ал эми 10 миӊден кем эмес кол коюлган петициялар Жогорку Кеӊеште милдеттүү каралышы зарыл.

Талкуу учурунда жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан ар кандай сунуштар айтылып, петициянын түптү маанисин жана максатын так жазуу зарылчылыгы белгиленди. Алсак, петиция аркылуу экстремисттик маанайдагы, аймактык бүтүндүккө доо кетирген, улуттар аралык кастыкты козуткан, жарандардын эркиндигин чектеген жана башка мыйзамга каршы келген сунуштарды кантип четке кагуу керектигин так белгилөө зарылчыгы айтылды.

Муну менен катар айрым колдоо тапкан демилгелерди ишке ашыруу жагын жолго коюу жана өзгөртүүлөргө ылайык башка мыйзамдарга да түзөтүүлөрдү киргизүү сунушу берилди.

Депутат Аида Касымалиева бардык сунуштар эске алынарын белгилеп, коомдук угуунун максаты ар тараптуу пикирлерди камтуу экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" бул мыйзам долбоору 2019-жылдын 15-апрелинен тартып коомдук талкууга коюлган.

Пикир

Оставить комментарий