• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат кенди сынакка коюудагы машакаттан арылтуу жолун сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Жер казынасы жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Кожобек Рыспаев. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечинин айтымында, эгерде жаӊы мыйзам кабыл алынып калса, анда Өкмөт Жогорку Кеӊештин макулдугу менен иштетиле турган кенди белгилүү бир жакка сынаксыз эле бере алат. Тоо-кен тармагы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат. Колдонуудагы мыйзам учурдун талаптарына толук жооп бербей калды. Азыр кен иштетүү жаатында башаламандыктар болуп, көптөгөн талаш-тартыштар жаралууда. Ошондон улам, жер казынасына байланыштуу мыйзам базасын өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыккан.

«Мыйзам долбоору жер казынасын пайдаланууну жөнгө салууну өркүндөтүү, жаӊы жол-жоболорду жана механизмдерди киргизүү, байкалган кемчиликтерди четтетүү жана боштуктарды толтуруу максатында иштелип чыкты», - деп, демилгечи мыйзам долбоору кенди сынакка коюудагы ашыкча машакаттан арылтып, кен иштетүү жүрүмүн кыйла тездете турганын кошумчалады.

Андан тышкары, демилгечи мыйзам долбоорун талкулоо жүрүшүндө жүздөн ашуун сунуш түшкөнүн, алар кылдат талданып, алардын алгылыктуулары эске алынганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан да ушундай эле ыӊгайдагы мыйзам долбоору иштелип чыккан. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети эки мыйзам долбоорун бириктирүүнү сунуштаган. Бирок, комитет мүчөлөрү депутаттын мыйзам долбоору Өкмөттүкүнө караганда кыйла жеткилеӊ даярдалгандыктан, мындай сунушка макул болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий