• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат: Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азгырылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Компьютердик оюндар социалдык социалдык көйгөйгө айланууда. Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек. Бул тууралуу депутат Орозбек Алыбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азгырылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында рекламалоого тыюуу салуу зарыл. Аларды азыртан андай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз», - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий