• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Конушбаев Суусамыр айыл аймагындагы элди Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жаңы жыл майрамын утурлай табияты катаал Суусамыр айыл аймагына барып, социалдык мекемелердин кызматкерлерине жана өрөөндөгү беш мектептин окуучуларына белектерди тапшырып келди, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Белек тапшыруу салтанатында Жаңы жыл майрамы бөбөктөр үчүн эле эмес, жалпы эл үчүн өзгөчө күн экенин белгилеген депутат Тынчтыкбек Конушбаев: “Биздин максат бардык балдарга бирдей майрамдык жакшы маанай тартуулоо менен катар алардын мыкты инсан болуп калынтанышына кам көрүү. Анткени, бул майрамда эч бир бала белексиз калбоосу кажет”, – деди.

Мындан сырткары, окуучулар менен болгон жолугушууда аларды талыкпай эмгектенүүгө чакырган Жогорку Кеңештин депутаты: “Дүйнө өзгөрүп, технология өнүккөн заманда билим гана бийиктикке жеткирери анык далилденип келет. Андыктан, талыкпай изденеп, жакшы окууга аракет кылгыла. Билимдүү инсандын жарыгы жалпы элге тийип, анын арты менен өлкөбүз өнүгөт. Бул үчүн ата-энелер да балдарынын жакшы окуусуна кам көрүп, шарт түзүп берүүсү зарыл”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары, депутат Тынчтыкбек Конушбаев айылдык администрациянын, мектептин, милиция бөлүмчөсүнүн, оорукананын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен да жолугушуп, Жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Андан тышкары, Сатымбай Карабеков атындагы 1-май орто мектебинин алдыңкы окуучусу Жумабеков Жанбулатка Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн атайын окуу борборунун сертификатын жана китептер топтомун белек кылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев жыйырма жылга чукул убакыттан бери туруктуу демөөрчү катар Суусамыр айыл аймагына колдоо көрсөтүп келет. Жыл сайын өрөөндөгү беш мектептин алдыңкы окуучуларына стипендия тапшыруу менен катар окуучулар арасында өтүүчү “Акыл Ордо”, “Парламент сүйлөйт” таймаштарын каржылайт. Ошондой эле, мугалимдер арасында уюштурулган “Жыл мугалими” сынагынын да жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырууну адатка айланткан. Мындан ары да жаш муундардын жаркын келечегине багытталган бардык демилгелерди колдоону улантарын убада кылган депутатка жергиликтүү эл да абдан ыраазы.

Пикир

Оставить комментарий