• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Конушбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлашты.

Аталган кызмат ордуна “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин талапкерлиги сунушталган. Жашыруун добуш берүүнүн негизинде сунушталган талапкерди 83 депутат колдоп, натыйжада Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Пикир

Оставить комментарий