• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат коронавирус чыгып жаткан үчүнчү өлкөлөр менен каттамдарды жабууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар. Коронавирус чыгып жаткан үчүнчү өлкөлөр менен каттамдарды жабуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус боюнча кырдаалды өкмөт мүчөлөрү менен талкуулоо учурунда депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди.

“Алтынай Сейитбековна, менде мындай сунуш бар. Азыр Иран, Корея өлкөлөрүндө коронавирус күчөп жатат деген маалыматтарды алып жатабыз. Ошол өлкөлөр менен каттамдарды жабууну сунуштайт элем. Эгер өкмөт кандайдыр бир дипломатиялык таасир болуп калат дей турган болсо, мындай чечимди Жогорку Кеңеш чыгарып берсин”,- деди эл өкүлү.

Бул суроого жооп берип жатып Тышкы иштер министрлигинин өкүлү аталган маселе боюнча кеңешип, саясий-дипломатиялык жагын ойлонуп көрүп чечим чыгаруу керектигин айтты.

Өз кезегинде, Алмазбек Баатырбеков коронавируска карата өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштери алгылыктуу болуп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий