• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында камоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-марттан тарта Жумалиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылды. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө 2021-жылдын 14-апрелине чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий