• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Кулбараков Жумгалдын тургундары менен жолугуп, жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чарага катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен жолугуп, жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чарага да катышты.

ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарада Жумгал району боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылып, мыкты айыл өкмөт, мыкты мектеп директору, айылдык кеңештин мыкты төрагасы аныкталды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн депутат Абтандил Кулбараков Аймактарды өнүктүрүү жылында жогорку көрсөткүчтү багындырган жергиликтүү жетекчилер тандалганын белгилеп, мындай саамалык алардын ишке болгон жоопкерчилигин арттырарына токтолду.

"Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында айылдын өнүгүшүнө жан үрөп иштеп, жакшы натыйжа көрсөткөн мыктылар тандалып алынды. Айрым жетекчилер жергиликтүү бюджеттен жана сырткы каржы булактарын, демөөрчүлөрдү тартып айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуунун аракетин көргөн. Анын алкагында бала бакчалар салынып, мектептер оңдоодон өтүп, көпүрөлөр курулган. Айыл жерлеринде мындай алгылыктуу иштердин аткарылып жатканы жакшы көрүнүш", - деди депутат Абтандил Кулбараков.

Эске салсак, Аймактарды өнүктүрүү жылында Жумгал району 380 млн. сомду өздөштүрүүнү пландаган. Азыркы учурга карата алынган маалыматка ылайык 320 млн. сомго жакын акча каражаты өздөштүрүлгөн. Бул жакшы жетишкендик экенин айткан депутат Абтандил Кулбараков: "Райондук бюджеттин жана жеке ишкерлердин, бизнести колдоочу уюмдардын колдоосу менен бир топ чакан ишканалар ишин баштоодо. Жумгал району боюнча 4 суу сактагыч курулуп ишке берилгени турат. Ар бир айыл өкмөттө демөөрчүлөрдүн жардамы менен бир катар социалдык объектилер оңдоодон өттү. Түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулуп бүтсө жеке ишкерлердин саны өсүп район казынасы дагы да көбөйөт деген үмүттөмүн. Эл өкүлү катары ар бир көйгөйлүү маселени угуп, чечүүгө аракет кылуудабыз",-деп кошумчалады.

Белгилей кетсек мыкты деп табылган айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору Дубайга эс алууга жолдомо алышты. Ал эми айрым жетекчилер, мугалимдер Ысык-Көлгө жолдомого ээ болсо, кээ бирлери атайын кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий