• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат: «Кыргызстан келечекте толук кандуу парламенттик демократияны кура турганына ишеним бар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Көп өлкөлөр 2010-жылдагы элдик революциядан кийин парламенттик демократияга карай жол чапкан конституциялык рефорамага анчейин ишенбөөчүлүк, алтургай, кандайдыр бир чочулоо менен караган. Тилекке жараша, реформа ийгиликтүү ишке ашып, Кыргызстан парламенттик демократия салттарына таянган өлкөгө айлана алды. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Парламентаризм күнүнө арналган «Парламентаризм сабактары: калыптанышы, өнүгүүсү, келечеги» темасындагы «тегерек столдун» жүрүшүндө билдирди,-деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

«2010-жылы кабыл алынган Конституциянын жаӊы редакциясына ылайык, Кыргызстан Борбордук Азиянын тарыхында биринчи болуп өнүгүүнүн парламенттик демократия формасын тандап алды. Парламент менен аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктары кеӊейип, Жогорку Кеӊеш өлкөнүн өнүгүшүндөгү башкы күчкө айланды десек болот. Ал өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоо менен бирге, өкмөт курамын түзүп, анын ишин толук көзөмөлдөп турат, дагы башка мамлекеттик институттарды түзүүгө катышат», - деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Депутаттын пикиринде, өлкөнүн өнүгүү жолунда айрым бир мүчүлүштүктөр жок эмес, бирок ал бара-бара өз нугуна түшөт, ал үчүн убакыт керек, тажрыйба топтоо зарыл. «Биз ушул мезгил аралыгында парламенттик демократияны толук куруп салдык деген ойдон алыспыз: кетирилген кемчиктер да бар, чече турган көйгөйлөр да көп. Эӊ башкысы, биз өз жолубузду таап алдык. Анын канчалык туура экенин мезгил өзү көрсөтүүдө. Ошондон улам, Кыргызстан келечекте толук кандуу парламенттик демократияны кура турганына ишеним бар. Буга элибиздин саясий жактан да, моралдык жактан да эрки жетет», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Айнуру Алтыбаева.

Белгилей кетсек, Улуттук университетте Парламентаризм күнүнө карата кеӊири коомчулуктун катышуусунда «Парламентаризм сабактары: калыптанышы, өнүгүүсү, келечеги» темасындагы «тегерек стол» өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2015-жылы кабыл алынган токтомуна ылайык, 4-июнь – Парламентаризм күнү катары жарыяланган. Ал 2016-жылдан тарта белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий