• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Кыргызстанда 1-июнду эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштады

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда 1-июнду эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин жыйынында билдирди.

“Менин Кыргызстандын президентине жана министрлер кабинетине сунушум бар. Кечээ биз Балдарды коргоо күнүн белгиледик, мен бул күндү эс алуу күнү кылууну сунуштайм. Бизде саясий майрамдар көп, бирок үй-бүлөлүк майрамдар аз. Мен Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, 1-июнду эс алуу күнү деп жарыялоо зарыл деп эсептейм”, - деди Бекешев.

Ал мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий