• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат кыргызстандыктарды жол эрежесин сактоого үндөдү

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков кыргызстандыктарды жол эрежесин сактоого үндөдү.

Депутат парламенттин жыйынында 11 ай ичиндеги статистика боюнча жол кырсыгынан каза болгон, жаракат алган адамдардын саны көп экенин баса белгиледи.

"Статистикалык маалыматтар боюнча, өлкөбүздө ушул жылдын 11 ай ичинде 578 жол кырсыгы болуп, 600гө жакын жаран каза табып, 8000дей адам жаракат алган. Алардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт", - деп айткан депутат, анын башкы себептеринин бири жол эрежесин сактабагандык экенин белгиледи.

Субанбеков ата-эненелерди, мугалим, социалдык кызматкерлерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин 2019-жылы жолдордогу мындай кырдаалды биргеликте өзгөртүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий