• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат: “Кызыл-Кыя цемент заводун Ош облусуна өткөрүп берүүдө тиешелүү процедуралар бузулган”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү КР Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя заводун Ош облусуна өткөрүү боюнча кабыл алган токтомун сынга алышты, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Депутат Мурадыл Мадеминов КР Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя заводун Ош облусуна өткөрүү боюнча кабыл алган токтомун сынга алды. Анын айтымында, Кызыл-Кыяда эки облустун өнүгүшү үчүн бирдей иштеп келген бул заводду бир облуска өткөрүп берүү боюнча эл толкуп жатат.

Мындай көйгөйдү улаган депутат Карамат Орозова бул токтом менен элди аймак-аймакка бөлгөндөй саясат болуп калат деп, муну демилгелеген КР вице-премьер-министр Замир Аскаровдун жоопкерчилигин кароо зарылдыгын кошумчалады. Аталган завод боюнча көп маселелер бар экенине токтолгон депутат Сайдолимжан Жураев мында тиешелүү процедуралар бузулгандыгын айтты. Анын пикиринде, эки облустун тиешелүү органдарынан макулдашуу комиссиялары түзүлүшү керек эле. “Эмне үчүн бул демилге КР вице-премьер-министр Замир Аскаров тарабынан көтөрүлүп жатат?”,- дейт ал.

“Эгерде тиешелүү процедуралар бузулган болсо, ага жол берген аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо маселеси келип чыгат”,- дейт депутат Мирлан Бакиров.

Пикир

Оставить комментарий