• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат: Өлкөдө туризмди өнүктүрүүдөгү эӊ башкы курал – бул спорт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда "Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү, аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат угулду.

Жыйындын күн тартибине коюлган маселе боюнча КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы Канат Аманкулов баяндама жасашты.

Баяндамаларда акыркы жылдарда спорт тармагындагы жетишкендиктерден тышкары, спортту өнүктүрүүгө кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлөр дагы айтылды. Канат Аманкулов келерки жылы Жапонияда өтүүчү олимпиалык оюндарга катышууга быйыл лицензия алуу үчүн мелдештер өтөрүн, Кыргызстандын алдын ала болжолдор боюнча спорттун 13 түрү боюнча лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып келип, эми ошол мелдештерге кыргыз спортчуларынын катышуусуна сапарлар үчүн жана спортчулардын тамак-ашына каражат маселеси чечилсе деген пикирин ортого салды. «Спортчуларыбыздын деӊгээлин көтөрүү үчүн жакшы машыгуулардан өтүшү керек. Ал үчүн сборлор уюштурулат. Андан тышкары, дары-дармек, спортчулардын алган жаракаттарын чет өлкөлөрдө операция жасатуу, кийим-кече (экипировка) маселелери бар. Буларды баары барып эле каражатка такалууда. Бул сыяктуу көйгөйлөргө бюджеттен каралган каражаттан сырткары 95 млн сом муктаждык бар.».- дейт К.Аманкулов.

Талкууда борбор калаадагы мурда курулушчулар үчүн кызмат кылып келген поликлиника эми спортчулардын ден соолугуна кам көрөөрү такталып, окуу жайларда спорттук дарыгерлер адистиги дагы окутула баштаганы белгилүү болду. Фракция депутаттары Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен эркин күрөш боюнча спортчулар жараткан ийгиликтери жалпы кыргызстандыктарга майрам тартуулаганын белгилешип, спорт мекемеси тарабынан суралган каражатты таап берүү зарыл деген пикирлерин айтышты. Спорт маселесин ар дайым көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров Өкмөттүн бул тармакка көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылыгын айтты. «Туризмди өнүктүрүүдө спорт эӊ жакшы курал болуп берет. Бизде канчалаган эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Көптөгөн өлкөлөр келүүгө да даяр. Бирок бизде татыктуу спорт сарайлары, стадиондор баштаган инфраструктура жок. Спорттук инфраструктураларды түзүүгө Өкмөт аракеттениши керек. Ошондо эл аралык мелдештер өтүп, туризмдин өнүгүшүнө дагы кыйла жол ачылат»,- дейт депутат.

Жыйын жүрүшүндө жер-жерлерде өткөрүлгөн мелдештерде чемпион болгон өспүрүмдөргө берилүүчү стипендия алынып салынгандыгы дагы катачылык экени айтылды. Келечекте Кыргызстандын атын тааныта турган өсүпүрүмдөр 5000-7000 сомдук стипендия чоӊ стимул болуп келгендигин айткан эл өкүлдөрү бул маселени калыбына келтирүү керектигин баса белгилешти.

Жыйынтыгында спорт тармагын өнүктүрүүгө суралган 95 млн сомду республикалык бюджеттен караштыруу жана башка депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди эске алуу тапшырмасы белгиленген чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий