• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Өмүрбекова: Жок дегенде, Балыкчы - Кара-Кече темир жолунун курулушун баштоо керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жок дегенде, Балыкчы - Кара-Кече темир жолунун курулушун баштоо керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Алтынай Өмүрбекова билдирди.

“Бир жума мурда жыйында өкмөттүн кышкы жылытуу мезгили боюнча маалыматын уктук. Бирок убакыттын чектелгендигинен дагы суроолор калды. Августта Бишкек ЖЭБин кайра куруу бүттү. Буга карабастан ЖЭБ 50%га гана иштеп жатат. ЖЭБ толук кубаттуулукта иштөөсү үчүн 1,5 млн тонна көмүр талап кылынат. Биз бул көмүрдү кайдан алабыз”, - деп сурады ал.

Анын айтымында, өлкө насыяга алынган ири каражаттарды жолдордун курулушуна жумшайт. “Эгерде биз ЖЭБге Кара-Кече кенинен көмүр ташып баштасак, бул жолдордун баары бузулат. Анда жаңы жолдорду куруунун эмне мааниси бар? Бул үчүн темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу керек. Биз кыска мөөнөттө темир жолду куруп башташыбыз керек. Жок дегенде, бир чакырым, жок дегенде Балыкчы – Кочкор жана андан соң Кара-Кече. Эгерде мындай улуттук долбоорлор башталбаса, анда экономиканын өнүгүшүн күтүп болбойт”, - деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий