• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Максат Сабиров парламенттиик иликтөө жүргүзүүнү баштоону сунуштады

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. “Балким биз башка өлкөлөр сыяктуу парламенттик иликтөөнү баштасак жакшы болоттур”,-деген сунушун билдирди депутат Максат Сабиров КРнын Президентине караштуу соттук реформа боюнча кеңештин 10-жыйынынын 2-этабында.

Анын айтымында, азыр өлкөдө соттор калыс эмес, сот тутумунда көп көйгөйлөр бар жана ошол себептен өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүүдө. “Мен башка өлкөлөр сыяктуу соттор тарабынан өкүм кылынган адилетсиз чечимдер болгон учурда парламенттик иликтөө жүргүзүүнү баштоону сунуштайм. Албетте, азыр парламентте абдан көп комиссиялар түзүлүп жатат, сотторду тандоодо парламенттик комиссия иштебей жатат жана бул эч кандай натыйжа берген жок деген сөздөр айтылууда. Бирок, ушул комиссияны түзүүнүн аркасында сот кызматына талапкердер кичине болсо бир нерсе үйрөнө баштады”,-деди М.Сабиров.

Ошондой эле, депутат парламент өзүнүн ыйгарым укуктарын ашырып жатат деген сөздөр дагы айтылып жатканын белгиледи. “Бирок андай болгон жок. Мен комиссия гана түзүп койбостон, парламенттик иликтөө жүргүзүү укугуна дагы ээбиз деп эсептейм”,-деди ал.

Өз кезегинде Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот системасында бардыгы сонун, эч кандай көйгөй жок деп айта албайм деп белгиледи. “Жок андай эмес. Мен чектен ашпасак деп айткым келди”,-деди ал

Пикир

Оставить комментарий