• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Депутат Маматалиев Алымбек датканын 220 жылдыгын өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги иш-чараларды тиешелүү деӊгээлде өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев КР мамлекеттик жана коомдук ишмерлери боюнча маарекелик иш-чараларды өткөрүү боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтомуна токтолду. 2015-жылда кабыл алынган Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек датканын 215 жылдыгы белгиленмек. Бирок шайлоолорго байланыштуу бул иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми ноябрь айында өткөрүү белгиленип, мамлекеттик деӊгээлден райондук деӊгээлге түшүп калды.

Марлен Маматалиев маарекелик иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси той-топур менен чектелбестигин, анын башкы максаты кийинки муундарга мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө жана калыптанышына салымы зор болгон инсандарды таанытуу экенин баса белгиледи.

Эл өкүлү Алымбек Датканын 220 жылдыгына арналган маарекелик иш-чараларды өз деӊгээлинде келерик жылдын жаз мезгилинде өткөрүүнү Өкмөткө сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий