• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Депутат: Ипотеканы 4% түшүрүү боюнча долбоорго өкмөт маани бербей жатат

Коом 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик ипотеканы 4 пайызга түшүрүү боюнча берилген долбоорго өкмөт эки айдан бери маани бербей келе жатат. Бул тууралуу депутат парламенттин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, бюджеттик мекемелерде иштеген жарандар үчүн турак-жай алууга жеңил болуш үчүн мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызын түшүрүш керек.

Депутат Махабат Мавлянова дагы мамлекеттик ипотеканы 4% түшүрүү мүмкүндүгүнө токтолду. Анын айтымында, 200 миӊ сомдун тегерегинде айлык алган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилери ортомчулук гана кылып жатат.

Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания азыр 7-9 жылдык пайыз менен ипотекалык кредиттерди берип жатат. 6-8 пайызга кыскартуу 2019-жылдын 4-кварталына пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий