• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Маматалиев коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жана эске ала турган учурлар тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е. Строкова, А.Исмаилова, М. Маматалиев.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев “Кабар” агенттигине берген маегинде ал мыйзам долбоору эмнеге маанилүү экенин жана аны кабыл алууда кандай учурларды эске алуу керектигин айтып берди.

“Айрым ММКларда мени бул мыйзам долбоорунун авторлорунун катарынан чыкты деген маалымат чыкты. Чынында мындай болгон: экинчи окууда менин сунуштарым эске алынбаса, мен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарынан чыгам дегем, кат дайындап койгом. Эмнеге анттим жана кайсы өзгөртүүлөрдү киргизгим келерин айтсам. Мага айрым бейөкмөт уюмдардын өзүнүн ишмердүүлүгүнүнө жамынып, бизге туура келбеген нерселерди киргизүү аракети жакпайт. Мамлекеттин ички процесстерине, шайлоолорго да кийлигишүү аракеттери жакпайт. Ошону үчүн мыйзам долбооруна кол койгом. Бирок аны жана анын кесепеттерин терең изилдегенден кийин мыйзам долбоору баардык бейөкмөт уюмдарына тийиштүү болуп калышы мүмкүн экенин түшүндүм. Бирок алардын арасында биздин мамлекетке жана жарандарга жардам берген ак ниет бейөкмөт уюмдар бар. Ошондуктан бул мыйзам алардын ишмердүүлүгүнө таасир этпеши керек деп эсептейм”, - деди ал.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору эч нерсеге тыюу салбайт.

“Бейөкмөт уюмдарына жакпаганы – алардын отчет тапшыруусу. Ошондуктан мен мындай вариант сунуштадым: биринчиден, отчетту Юстиция министрлигине эмес, салык органдарына берүү. Бул биринчи жеңилдик. Экинчиси, ал мыйзам долбоору каражаттары 10 млн сомдун тегерегинде болгон бейөкмөт уюмдарына тиешелүү болсун деп сунуштап жатам. Эмнеге 10 млн сом? Салык мыйзамдары боюнча алар ири салык төлөөчү деп эсептелет. Азыр акыркы маселесинен башкалары чечилди. Ал, мыйзам долбоору каражаттары 10 млн сомго жетпеген бейөкмөт уюмдарына тиешелүү болбошу боюнча сунуш. Ошондуктан мен толук чыга элекмин, бир кат даяр. Эртең бейөкмөт уюмдар менен жолугуп, ал мыйзам долбоорун талкуулоону көздөп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий