• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамда кетирилген каталарды оӊдоо демилгесин көтөрдү

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште эки мыйзамды бири-бирине шайкеш келтирүүгө багытталган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев.

Демилгечинин маалыматына караганда, мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

«Мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген, мыйзамдар техникасы сакталган эмес. Мыйзамдын 1-беренесинин укуктук жобосунда пенсия үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине киргизилген. Иштеп жаткан мыйзамда үй-бүлөнүн жалпы кирешеси пенсияны эсепке албастан аныкталары жөнүндө ченем камтылбай калган. Бул Өкмөттүн шалаакылыгы болуп саналат. Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ар айлык жөлөкпул өтө маанилүү» - дейт Кенжебек Бокоев.

Эске салсак, биринчи окуу жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров мыйзам долбоорун колдой турганын билдирүү менен бирге, буга чейин жөлөкпулдар жергиликтүү бийлик түзгөн комиссиялардын чечими менен чегерилип келгенин, ушул жылдын 1-июлунан тарта мындай ыйгарым укук толугу менен министрликтин өзүнө өткөнүн айткан.

Пикир

Оставить комментарий