• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: "Манаста" медицина, армия, тышкы саясат жана мамлекетти башкаруу ыкмалары бар, эпосту кеңири кароо керек

Маданият 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. "Манас" эпосун бир гана адабият айдыңында кароого болбойт. Анда тарых, дин, астрономия, медицина, армия, тышкы саясат жана мамлекетти башкаруунун ыкмалары бар, андыктан бул эпосту кеңири кароо керек. Мындай пикирди Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев ""Манас" – кыргыз рухунун туу чокусу" деген илимий-практикалык конференция билдирди.

Иманалиев жөнөкөй окурман катары “Манас” эпосунун башка эпостордон айырмаланган өзгөчөлүктөрүн тизмектеп берди. Эл өкүлүнүн айтымында, дүйнө жүзүндө 7 миңдей улут болсо алардын жыйырмасында гана эпос жаралган. Бирок ошол 20 эпостун 19у тирүү эпос эмес. Аны айткандар же жазгандар ошол доор менен калып калган. Ал эми “Манас” эпосу бүгүн да айтылып келе жатат. Эпостун дагы бир өзгөчөлүгү анын көп варинаттуулугунда. Улутук илимдер академиясында 70 варианты бар.

"Залкар манасчы Саякбай Каралаев 3 күн, 3 түн айткан деп келебиз. Бирок өз убагында Шлапштейн аттуу немец сүрөтчүсү С.Каралаевге жолугуп, канча Манас айттыңыз дегенде, ал 21 күн Манас айттым деп куштарланып жооп бериптир. Ошондой эле белгилүү музыка таануучу Виноградов С.Каралаевдин “Манасында” 28 кыраат бар экенин, анын укмуштуудай музыкалуу экенин белгилеген. Ал эми эпосто 547 географиялык аталыш бар", - дейт Иманалиев.

Эл өкүлү өз баяндамасында "Манас" эпосун бир гана адабият айдыңында кароого болбостугун, анда тарых, дин, этнопедагогика, астраномия, улуттук медицина, улуттук армия, тышкы саясат, төкмөчүлүк, мамлекеттик башкаруунун ыкмалары бар экендигин, андыктан "Манасты" кеңири кароого чакырды.

Иманалиевдин белгилөөсүндө "Манас" эпосунда историзм дагы таамай чагылдырылган, анда Хун, Байыркы Түрк, Түргөш, Кыргыз каганаттары болуп жети тарыхый доор чагылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий