• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Депутат Масабиров JICA уюмунун туруктуу өкүлү менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташуу боюнча достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нэмото Наоюки баштаган топ менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстан Япония менен болгон кызматташтык мамилелерге артыкчылыктуу маани бере турганын баса белгиледи. «Япониянын, айрыкча анын JICA уюмунун көмөгү менен Кыргызстанда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы мындай кызматташтык мамилелер мындан ары дагы тереңдей берерине терең ишеним бар», - деди ал.

Ошону менен бирге, эл өкүлү алдыда турган бир топ долбоорлорго өкүлүнүн көңүлүн бурду. Ал өткөндө Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда мырза менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелер, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана ишке ашырыла турган жаңы долбоорлор тууралуу сөз болгондо, Эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнө кайрылып, бул багытта кеңири маалымат алууга кеңеш бергенин эске салды.

«Кыргызстан 2020-жылды өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялады. Ошондон улам, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын документ жүгүртүү тармагын электрондук форматка өткөрүү, Мамлекеттик сейсмология институтун куруу жана аны заманбап технология менен инженердик долбоорлоо, Медициналык клиниканы рентген, МРТ, УЗИ сындуу заманбап жабуулар менен жабдуу сындуу өтө маанилүү маселелер турат. Ушул багытта сиздер тараптан гранттык каражаттар каралса жакшы болор эле», - деди Таалайбек Масабиров.

Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нэмото Наоюки JICA уюму бул багытта кыргыз парламенти менен да, өкмөт өкүлдөрү менен да тыгыз кызматташууга аракет жасап жатканын, анын негизинде Кыргызстанда бир топ ири долбоорлор ишке ашырылып жатынан белгиледи. «Биздин кызматташтык багытыбыз ар түрдүү. Мисалы, азыр жол куруу, таза суу чыгаруу, энергетика, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда алакабыз бар. Мындай чаралар биздин аз да болсо өлкө экономикасын көтөрүүгө, калк турумушун жакшыртууга кошкон салымыбыз болот деген ишенимдебиз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий