• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Мавлянова: Кыргыз тилди өнүктүрүү боюнча жасала турган иштин 30% да аткарылган жок

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, жумушчу топ түзүп, мыйзамдардын аткарылышы жаатында кетирилген кемчиликтердин жөн-жайын талдап чыгып, өз сунуштамаларын бериши зарыл. Кыргыз тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек.

«Казакстандын тажрыйбасын карагылачы, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышты, бул багытта кайра курумдар ишке ашырылып жатат. А, бизде андай жүрүш байкалбайт. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Бул багытта кандай иштер жасалып жатат, анын жайы белгисиз», - деди депутат.

Эске салсак, ушу жумада коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырды. Анын айтымында, кыргыз тилинин абалы 2000-жылы Конституцияга расмий тил тууралуу жобо киргизилгенден кийин кыйла начарлап кеткен. Кайрылуусунда ал буга мисал катары негизинен орус, англис, араб, корей жана кытай тилдеринде жазылган жарманаларды келтирген.

Пикир

Оставить комментарий