• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Мавлянова: Жетимдердин балдар үйүнөн чыккандан кийинки тагдыры өтө тынчсыздандырат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Жетимдердин балдар үйүнөн чыккандан кийинки тагдыры өтө тынчсыздандырат, мамлекет муну көӊүл сыртында калтырбоого тийиш. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, азыркы учурда жетим жана кароосуз калган балдарга мамлекет тарабынан анчалык көӊүл бурулбай калды. Балдар үйлөрүндө 12 миӊ бала бар, алардын 10 пайызы – тоголок жетимдер. Алардын кийинки тагдыры өтө тынчсыздандырат, анткени буга негиз бар. Алар колунда бир тыйыны жок көчөдө калгандыктан, кылмышка аралашып кеткен учурлар арбын.

"Биринчиден, балдар үйлөрүндө тарбыяланып чыккан балдар үчүн социалдык жатакана курушу керек. Ошондо алардын башкалка жайы болот. Экинчиден, балдар үйлөрүндө тарбыяланып жаткан балдар үчүн банктарда депозиттик эсеп ачылышы керек. Алар балдар үйүнөн чыкканда, анда топтолгон каражат алардын колуна берилет. Балдар жумушка орношконго чейин жашаганга болот. Ошондо балдар кылмышка аралашпай, жаман жосундардан алыс болушат. Мамлекет жетим балдардын келечек тагдырын көӊүл сыртында калтырбоого тийиш", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий