• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат окуучуларды жана студенттерди мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Депутат Бактыбек Турусбеков мектеп окуучуларын жана студенттерди мөөнөтүнөн мурда каникулга таратып, алардын окуусун жай мезгилине жылдырууну сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу максатында, ар кандай той-топурлар менен көп адамдар чогула турган иш-чараларга да тыюу салыш керек.

"Албетте, мындай чаралар кимдир-бирөөлөргө кыйынчылыктарды түзүп, ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Алар кечирип койсун, бирок биз үчүн элибиздин саламаттыгы баарынан жогору турат. Ушуну эстен чыгарбайлы", - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий