• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат менен премьер-министр Баткен облусундагы айыл чарба көргөзмөсүнө катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Жогорку Кенештин депутаты Таабалды Тиллаев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен бирге Баткен облусунун Лейлек районунун 90 жылдык маарекесинин алкагында уюштурулган айыл чарба көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алар Баткен жана Лейлек райондорундагы "Керемет-Голбо", "Агартуу", "Алтын Таажы", "Келечек" бала бакчаларынын, ошондой эле «Тогуз-Булак» орто мектебинин ачылуу салтанатында да болду.

Депутат менен өкмөт башчы Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл койду.

Пикир

Оставить комментарий