• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат милиция кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу маселесин көтөрдү

Коом 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин өтүп жаткан жыйынында кечээ угула баштаган өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуу жол-жоболору улантылууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышып жатат.

Депутат Урматбек Самаев милиция кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу маселесин көтөрүп, милициянын сержанты канча айлык аларына кызыкты.

Ички иштер министринин жетекчиси Кашкар Жунушалиев сержанттык курам айына 8-12 миң сом айлык аларын айтты.

Эл өкүлү милиция кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууну депутаттардын баары эле колдойт болушу керек пикирин кошумчалады.

Азыркы күндө күч органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү боюнча жобо парламентте каралууда. Документте милиционерлердин айлыгын 40% жогорулатуу каралган, – деп маалымдады министр Жунушалиев.

Эске салсак, милиционерлердин социалдык абалы жакшы эмес. Бул абалды оңдоо үчүн ИИМ чараларды көрүп, этап менен кызматкерлердин маянасын жогорулатуу боюнча аракет көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий