• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Момбеков: CASA-1000 долбоору дейсиӊер, кайсы электрэнергиясын экспорттойсуӊар?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. CASA-1000 долбоору дейсиӊер, өзүӊөргө жетпей жатса, анан кайсы электр энергиясын экспорттойсуӊар? Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков КСДП фракциясында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү, CASA-1000 жана башка энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Анын пикиринде, Улуттук энергохолдинг компаниясынын эмне кылып жатканы белгисиз. Азыр анда эч пайдасы жок 43 бекерчи отурат. Алар менен эч ким деле эсептешпей калды.

"Эч кимге пайдасыз Улуттук энергохолдинг компаниясын Кубанычбек Турдубаев, Айбек Калиев, Азамат Оморов деген үч киши түзгөн. Азыр алар менен Казакстандын энергетика министрлиги сүйлөшпөйт. CASA-1000 долбоору дейсиӊер, өзүӊөргө жетпей жатса, анан кайсы электр энергиясын экспорттойсуӊар? Ал үчүн Энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика министрлигин калыбына келтириш керек, ансыз бул маселени чече албайсыӊар", - дейт Момбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Энергохолдинг компаниясын четке чыгарып, энерготармактагы мамлекеттин үлүшүнүн баардык пакетин Энергетика министрлигине берип коюуга болбой турганын белгиледи.

"Энергокомпаниялар бириктирилиши мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да, Улуттук энергохолдинг компаниясынын иш-милдети Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилбейт, анткени алар бири-биринен айырмаланып турат", - дейт Боронов.

Фракция жетекчиси Иса Өмүркулов Энергохолдинг компаниясын коргоонун зарылчылыгы жок экенин айтып, Өкмөт өкүлдөрүн андан көрө депутаттар тарабынан берилген суроолорго так жана жүйөлүү жооп берүүгө чакырды.

"Улуттук энергохолдинг компаниясынын кимге кереги бар? Ал коррупциялык схема менен эле түзүлгөн, менимче, аны жоюш керек. Минтип иштеген болбойт. Өкмөт эки ай аралыгында анын тагдыры боюнча так жообун берүүгө тийиш", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан менен биргелешип ишке ашыра турган CASA-1000 долбоорунун алкагында 3 эл аралык каржы уюмдары менен 133 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алуу боюнча макулдашуулар бар. Келишим 2018-жылдын октябрь айында күчүнө кирди. Жогорку чыӊалуудагы жаӊы энергетикалык тутумдун жалпы узундугу 450 чакырымды түзөт, анын 125 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүгө тийиш.

Келишимге ылайык, Кыргызстан энергетикалык тутумга жылдын май-октябрь аралыгында 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын бериши керек. Кыргызстандын электр энергиясын 3,5 центтен экспорттоого 15 жылдык кепилдиги бар. CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жүрүмүн Өнөр жай, энергетика комитети көзөмөлдөйт, электр энергиясы менен «Электр станциялары» ишканасы камсыз кылат, ал эми электр энергиясын "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы жеткирет.

Пикир

Оставить комментарий