• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Момбеков уран кени тууралуу: Элдин пикири – бул экспертизанын пири

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Элдин уран иштетүүгө тынчсыздган пикири менен эсептешүү керек. Анткени, элдин пикири – бул экспертизанын пири. Бул тууралуу "Парламент" радиосунун түз эфиринде депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, соңку убакта коомчулукта резанансты жараткан жараткан уран казуу темасы талылуу маселе болуп турат. Ошондуктан, ал өкмөттүн отчетун караган парламенттин бүгүнкү олтурумунда бир нече ирет көтөрүлдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, азыркы тапта жергебизде 90 ашык уран кени камтылган да, анын калдыктары кошулган да атайын сактоочу жайлар бар. Анын 33 уран калдыктары жашырылган "көрүстөндөр".

Өтө опурталдуу болгон уран маселесинде укуктук ченемдерден эмес, улукттук келечектен корко турган чечкиндүү кадам керек. Элдин үнү менен эсептешүү кажет – дейт парламентарий өз сөзүндө.

Ошондой эле ал “Кыргызстан - ЮрАзия” компаниясынын колунда болгону кенди чалгындоого уруксаат берген лицензия бар. Ал эми аны иштетүүгө эч ким укук берген жок. Ошондуктан, лицензиянын мөөнөтү аяктаган соң, аны узартууга негиз жок деген аныктамаларга таянган маалыматтары менен да бөлүштү.

Кен байлыгы менен кошо элдин эсебиндеги ден соолук деген чоң байлыкты сатууга эч кимдин акысы жок, – деди Момбеков. Ошондой кооптуу делген кезегиндеги Майлуу-Суу, Миң-Куш сыяктуу уран кени бар жерлер азыр калкынын санын азайтып олтурганы, ден соолукту коргоонун айынан болуп жаткандыгын айткан эл өкүлү 15 миңдей калкы бар Миң-Куш шаарчасында азыр 1,5 миңге жетип – жетпеген эл калганын айтып, конуш корторуу эл үчүн оңгойго турбагандыгын билдирди.

Уктурууга катышкан КР Саламатык сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департаменттин директору Төлө Исаковдун айтымында, уран кени бар делген Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай аймактарындагы калктын саламаттыгы башка аймактагы элдин саламаттыгынан эч деле айырманабастыгын билдирди.

Ошондой эле адис, – Германиянын Дрезден шаарына жакын жерде уран иштеткен тажрыйбаны мисалга келтирип, рекультивациялоо иштерин жаңы техникалардын жардамы менен заманбап, элге зыяны тийбегендей тейлеген жагдайды эске алганда, азыркы уран иштетүүдө деле техикалардын коопсуздукту камсыздаарына ишеним артса болот, – дейт ал.

Ошол уран кени бар деген райондордогу суулардагы радиаялык фондордун леңгээли текшерилгенде тынчсызданууларды деле жаратпайт, – деп кошумчалады Санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департаменттин директору.

Пикир

Оставить комментарий