• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат: Нарын райондук ооруканасынын көйгөйүнө тиешелүү министрликтердин көз жумду мамиле кылганы туура эмес

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын районундагы көңүл бурууга муктаж болгон бир катар социалдык обьектилердин абалы менен таанышып келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков мындан 3 жылы мурун Нарын районунун Жан-Булак айылындагы өзү куруп берген бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн салтанатына күбө болду. Заман шартына ылайык тарбия алып, окуп, ырдап-бийлегенди үйрөнгөн наристелер концерт коюп беришти.

Депутат барып көргөн Жан-Булак айылындагы спорттук зал дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылганы калыптыр. Дагы калган 5 млн сому которулса жакынкы айларда пайдаланууга берилмекчи.

Райондогу Эмгек-Талаа орто мектеби толук керектен чыккан. Кыйшайып бараткан жагын тирөөч менен тиретип коюп, башка баш калкалар жай жоктугунан балдарды окутууга аргасыз болушкан. Өздөрү батпай жатканы аз келгенсип мектептин 2-3 бөлмөсүн бала бакча ээлеген. Жаңы курулуп баштаган бакчанын имараты да токтоп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуганга жараксыз деген бүтүм чыгарган.

Ал эми Нарын шаарындагы облустук жатак-гимназия жылдан жылга жакшырып баратканына депутат менен бирге баргандар күбө болушту. Академик Үсөн Асановдун ысмын алып жүргөн бул гимназия атактуу окумуштууга арнап атайын кабинет ачып, окумуштуунун өмүр жолу, ишмердиги боюнча сабак өтүп турушат. Улуу Памирден келген балдар да мына ушул жерде билим алып жатышыптыр. Алар туурасында кеңири маалымат алган депутат муктаждыктарына жараша көмөк көрсөтө турган болду.

Нарын шаарындагы мурдагы райондук оорукананын бир тарабында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, экинчи башында Кургак учукту дарылоо борбору жайгашкан. Мындагылардын айтканына караганда, экөөнүн бир имаратта турганы эч бир эрежеге туура келбейт экен. Кургак учук ооруканасынын айланасында жашаган тургундар да нааразы. Депутаттын пикири боюнча райондук оорукана проблемасына, шаар тургундарын кургак учуктан коргоо маселелерине тиешелүү министрликтердин көз жумду мамиле кылганы туура эмес.

Дөбөлү орто мектебинин ашар жолу менен курулган бөлүгү керектен чыгып, мектептин негизги имаратына да коркунуч келтирип калган. Аталган мектептин ремонтуна тезинен киришпесе мектеп толугу менен керектен чыгып калышы ыктымал.

Дубалынын этеги улам жылып бараткан Кеңеш айылдык мектебине эми балдарды киргизүүгө болбойт. Этек жагын тарттырган арматура, тросттор туруштук бербей үзүлө баштаптыр.Жергиликтүү тургундар элдин үнүн аткаруу бийлигине жеткирүүнү эл депутатынан өтүнүп калышты.

Пикир

Оставить комментарий