• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат: Насвай, тамеки жана алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алыш керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Биз баарынан мурда кыргыз жарандарынын саламаттыгын сактап калышыбыз керек. Мына, менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Индиядан контрабандалык жол менен алынып келиптир, акцизи жок, демек, көзөмөл дагы жок. Насвайдан жылына 6 миӊден ашуун адам өлөт экен, калктын ден-соолугуна кам көргөнүбүз ушулбу? Мындай жосунга кимдер жол берип жатат, укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында айтып чыкты.

«Бул насвай пакети жөн эле кооз пакет эмес, «Рахат алыӊыз!» деп бадырайта жазганына караганда, адамдарды насвай чегүүгө үндөп жатат. Эгер биз жарандарыбыздын саламаттыгына чындап эле кам көрөлү десек, анда насвайга да, биз тамекиге да, алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алып, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Ансыз мындай көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий