• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Назаров: Өкмөткө ишенбей калган жарандар нааразылык акцияларына чыгып жатышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Өкмөткө ишенбей калган жарандар нааразылык акцияларына чыгып жатышат. Бул тууралуу депутат Айтмамат Назаров Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтүнүн калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Омполдогу уран кени тууралуу сөз болгондо, Өкмөт бул жерде үч ката кетирген. Биринчиден, лицензия берүүдөн мурда жакшылап ойлонуш керек болчу. Экинчиден, жакында эле Кыргызстан менен Россия президенттеринин катышуусунда аталган уран кени боюнча меморандумга кол коюлду, мында да ойлонуш керек болчу. Үчүнчүдөн, Өкмөт нааразылык митигдери башталгандан кийин гана уран кениндеги абалды иликтөө комиссиясын түздү.

"Мына ушундай каталардан улам, Өкмөткө ишенбей калган жарандар кайра-кайра нааразылык акцияларына чыгып жатышат. Болуптур, уран кенин чалгындоо үчүн лицензия мурдагы өкмөттүн тушунда берилиптир, бирок меморандумга кол коюу менен лицензияны токтотуу силер иштеп турган учурда болуп жатпайбы. Менимче, өткөн жакында митингдер азыркы өкмөткө карата атайын жасалган диверсия болду. Муну кимдер уюштуруп жатат?", - деген собол салды Назаров.

Биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов уран кенин чалгындоо үчүн лицензия 2010-жылы эле берилгенин эске салды.

"Албетте, биз азыр актана албайбыз, анткени өкмөттө мурда башталган ишти улантуучулук салты болушу шарт. Эгер ал туура эмес жасалган болсо, анда ны токтотуп коюуга тийишпиз. Экинчиден, меморандумга Өкмөт тарабынан кол коюлган эмес, эки жеке менчик компаниянын ортосунда кол коюлган, ага кийлигише албайбыз", - деп, уран кени боюнча маселе нааразылык митигдери башталганга чейин эле өкмөттө бир нече жолу талкууланганын кошумчалады.

Депутат жарыяланган пресс-релиздерде эки президенттин катышуусунда мынча документке кол коюлду, алардын тизмегинде мобул документтер бар деген маалыматтар камтылганын айтты.

"Ошол тизмеде жогоруда аталган меморандум да бар болчу. Эгер андай болсо, ал документ өзүнчө каралып, меморандум ал тизмеге киргизилбеши керек болчу", - деп жыйынтыктады Айтмамат Назаров өз сөзүн.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенин иштетүүгө нааразы болгон жарандар Балыкчы жана Бишкек шаарларында митинг өткөрүшкөн. Ошондон лум, Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу боюнча демилге көтөргөн.

Пикир

Оставить комментарий