• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Никитенко: БУУнун майыптар конвенциясын кабыл алууга көп деле акча кетпейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Майыптардын укугу жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) конвенциясын кабыл алууга көп деле акча кетпейт. Мындай пикирин депутат Наталья Никитенко “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо” деп аталган маалымат жыйында билдирди.

Депутаттын пикиринде, конвенциянын башкы максаты – майып жарандардын тең укуктуулугуна жетишүү, аларды камсыздоого, коргоого багытталган.

“Майыптар конвенциясын кабыл алууга көп деле акча кетпейт, – деди Никитенко. – Майыптардын укуктарын коргоо конвенциясын ратификациялоо маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Өкмөт бюджеттеги тартыштыкты жүйө келтирип, ратификациялоого алып келе элек. Менимче, артка жылдыруунун кажети жок, конвенцияны бекитип берүү зарыл.

Дагы бир депутат Аида Исмаилова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө мүчүлүштүктөр бар экенин белгиледи.

“Биздин милдет социалдык жана укуктук жактан камсыздоо. Депутаттар башталган ишти биргеликте аягына чыгара алабыз”, - деди Исмаилова.

Эскерте кетсек, аталган конвенцияны Бириккен улуттар уюму 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан ага 2011-жылы кол койгон.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 177 миң майып бар, анын 29 миңден ашууну балдар.

Пикир

Оставить комментарий