• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Нурбаев: "Ачык асман" долбоору транзиттик жана түз каттамдардын багытын кеңейтет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. "Ачык асман" долбоору транзиттик жана түз каттамдардын багытын кеңейтет. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын маалыматы боюнча, "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 6 айдан бери каралып, парламент комитетинин талдоосунан өтүп, бүгүн жалпы жыйынга чыгарылды. Маселени өкмөт дагы колдоп, оң корутундусун берген.

Нурбаев билдирүүсүндө, "Ачык асман" долбоорунун алкагында баардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жетишилет.

Ошондой эле мыйзам өзгөртүүлөрүнө ылайык, авиакаттамдагы жолкире акыларында да арзандатуулар болот. Бул эл үчүн өзгөчө зарыл, – деди эл өкүлү. Андан тышкары, авиапарктагы учактардын орто мууну 27 – 28 жылдан бери колдонулуп келе жаткандыгы опурталдуу экендигин билдирип, башка мамлекеттерде өндүрүштөн чыкканына 7 жылдан ашпаган учактар пайдаланыларын кошумчалады.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, анын пайдасы 2019 – жылдын 2 – жарым жылдыгынан тартып сезиле башташы керек, - дейт Нурбаев.

Пикир

Оставить комментарий