• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар Москвада "Мекендештер ынтымагы" аттуу жолугушуу өткөрүштү

Коом 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Кубанычбек Нурматовдун демилгеси боюнча Москва шаарында Россия Федерациясында эмгектенип жаткан мекендештерибиз менен "Мекендештер ынтымагы" аттуу масштабдуу жолугушуу өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары С.Айдаров, Д.Толонов, Р.Чойбеков, Т.Тиллаев жана КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтеринин, ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле россиялык жана кыргызстандык ишкерлер катышты.

Жолугушуунун негизги максаты Россия Федерациясындагы мекендештердин көйгөйлүү маселелерине көмөк көрсөтүү жана алардын потенциалын мамлекетибизди өнүктүрүүгө арналып, бул багытта актуалдуу маселелер талкуланды.

Жалпысынан 5000ден ашык мекендештерибиз катышкан бул иш-чара волейбол боюнча мелдеш менен коштолду. Мелдешке 20 команда катышып, башкы байге 2000 АКШ доллары коюлган. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Ноокат» командасы, 2-орунду “Кара-Суу” командасы ээлесе, 3-орунга “Араван” командасы татыктуу болду.

Пикир

Оставить комментарий