• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Конституция, гендердик теңчилик дейбиз, демек, депутаттардын 50% аялдар болуш керек - депутат

Коом 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Конституция дейбиз, гендердик теңчилик дейбиз, демек, теңчилик дегенден кийин, депутаттардын 50 пайызын аялдар түзүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта Жогорку Кеӊештеги депутаттардын 15 пайызы, ал эми жергиликтүү кеӊештердеги депутаттардын 10 пайызы – аялдар, бул жетишсиз.

Орозованын пикиринде, Конституция жоболоруна ылайык, аялдар менен эркектерге бирдей укук каралганына карабастан, аялдар мамлекеттик кызматтын жетекчилер курамына да талаптагыдай тартылбай жатат.

"Азыркы учурда бир дагы облустун аял-жетекчиси жок, бир дагы аял-аким жок", - деди Карамат Орозова.

"Ырас, мыйзам талабына ылайык, депутаттар курамынын 30 пайыздан кем эмес бөлүгү аялдардан туруш керек, бирок биз Башмыйзамга ылайык жашагыбыз келет. Ошондуктан, аялдардын катышын 50 пайызга жеткирүүгө тийишпиз", – деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий