• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин көмөгү менен Токтогул районунда асма көпүрө курулду

Жогорку Кеңеш 0

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө мындай ийгиликтүү аяктаган иштер белгиленип, эл өкүлү Осмонбек Артыкбаев жакшы саамалыктардын күбөсү болуп кайтты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой Саргата айылынын эли дарыянын аркы жээгине өтүү үчүн бир нече чакырым жерди басып айланып өтүп келүүчү. Бул маанилүү көйгөй депутат Осмонбек Артыкбаевдин жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларында ар дайым көтөрүлүп келгендиктен, депутат бул маселени толук чечүүгө зор салым кошту.

Бул жергиликтүү жашоочуларга, өзгөчө мектеп окуучулары үчүн чон кубаныч алып келген окуя болду. Ошондуктан, көпүрө кыска убакыттын аралыгында курулуп, ишке киргизилди. Анын жалпы суммасы 500 миң сомду түздү, кайрымдуу адамдар болсо акы албай иштеп берген. (Бул көпүронүн курулушуна акча каражаттар Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан бөлүндү). Тургунудар асма көпүрөнүн курулушу алардын убактысын үнөмдөп, жашоону кыйла жеңилдеткенин айтышып, ыраазылыгын билдирди.

Мындан тышкары, Саргата, Үч-Терек айыл аймагындагы участогуна жол чырактары орнотулду. Токтогул районунун Үч-Терек айылы «Бишкек-Ош» автомобилдик трассасынын боюнда жайгашкан. Бул участок түз жол болгондуктан, ары-бери каттаган автоунаалар белгиленген тартипти сактабай, өтө жогорку ылдамдыкта жүрүшөт. Натыйжада, автоунаалардын катышуусу менен көптөгөн кырсыктар катталып, автожүргүнчүлөрдүн жана жергиликтүү тургундардын арасында адам өмүрү кыйылган фактылардын көп кездешүүдө. Ошондой эле жергиликтүү калктын малдары дагы зыянга учурап келет. Ушундай кырсыктардын алдын алуу максатында, Саргата дарыясынын көпүрөсүнөн жана Тешкен-Тоо участкасына чейинки 2,5 чакырым аралыкты жарыктандыруу маселеси боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бул маселе чечилди. Долбоордун жалпы суммасы 2,2 млн.сомду түздү.

Бул долбоорго курулушуна акча каражаттар “Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен бөлүндү.

Андан тышкары, Токтогул районунун Үч-Терек-Өзгөрүш автомобиль жолунун Үч-Терек айылынын 1,2 чакырым жана Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 2 чакырым аралыгында жарыктандыруу иштери бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. Көчөлөрдүн кечки мезгилде жарык болуп туруусу элдин коопсуздугун камсыз кылат. Долбоордун жалпы суммасы 1,9 млн. сомду түздү.Райондо жалпысынан 5,5 чакырым жол жарыктандырылды.

Депутат Осмонбек Артыкбаев өткөн жыл жемиштүү жыл болгонун белгилеп, “былтыр районго маданият үйү, спорт аянчасы, мечит курулуп, жакшы иштер болду. Мындан ары айылдарды шаарлар менен теңдештирүү керек, ошондо шаардагылар айылга кайтат. Ар бир үйгө таза суу кийирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Таза суу үчүн 22 млрд сом каралды. Анын ичинде Токтогулдун бир нече айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоорго кирди. Ирригация маселеси да чечилгени жатат”,-деди.

Депутат Осмонбек Артыкбаев ачык асманда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле эл өкүлү учурда иштеп жаткан программалары тууралуу айтты. “Ушул тапата 3 маселенини үстүндө иштеп жатабыз. Биринчиси, бул тарыхый, баалуулуктарды, эстеликтерди сактоо. Экичи активдүү карылык деген программа боюнча иш жүрүп жатат. Анын маңызы тажрыйбалуу адамдардын акылын колдонуу болуп саналат. Мурдагыдай карылар бата берип эле отурбашы керек, өлкөнү өнүктүрүү үчүн бар тажрыйбасын алып, коомго аралаштыруу керек экен. Азыр кары келсе ишке деп өзгөрүшүбүз керек,”-деди ал.

Жергиликтүү тургундар эл өкүлүнө ыраазылык билдирүү менен, БУУнун чемпион наамын алышы менен депутатты куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий