• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Рада Туманбаева: "Эл аралык байланыштар дүйнөдөгү туруктуулукка өбөлгө"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан EvalPartners "Баалоо аркылуу биздин дүйнөнү өзгөртөбүз: дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз ара байланыштар жана өнөктөштүк" аталышындагы Үчүнчү глобалдык форумдун жыйынтыгында Жогорку Кеӊеш депутаттары иш-чарага келген Тажикстандын, Шри-Ланканын, Колумбиянын, Камбоджанын, Уганданын жана Марокконун бир катар депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда депутаттар аталган глобалдык форумдун эл аралык байланыштарды, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруудагы маанисин баса белгилешип, иш-чаранын жогорку деӊгээлде уюштурулганына токтолушту. Андан тышкары, парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстандагы акыркы жетишкендиктер тууралуу сөз жүрдү. Алсак, депутат Каныбек Иманалиев чет өлкөлүк кесиптештерине өлкөдөгү саясий-экономикалык реформалардын жүрүшү тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын руханий жана материалдык баалуулуктары жөнүндө учкай кеп кылды. Ал эми депутат Рада Туманбаева эл аралык тыгыз байланыштар дүйнөдөгү туруктуулукка өбөлгө экенин белгилеп, ушундай жолугушуулардын арбын болушу парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдарын кошумчалады.

Ошондой эле, чет өлкөдөн келген парламент өкүлдөрү да иш-чаранын жогору деӊгээлде өткөнүнө токтолушуп, кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылык билдиришти

Пикир

Оставить комментарий