• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат: Россияда кыргыз маданият күндөрүн өткөрүп, кыргыздар жапайы эместигин көрсөтүш керек

Коом 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Алтайга, Тывага, Сибирге барып Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп, кыргыздардын жапайы калк эместигин көрсөтүү керек. Бул сунушун депутат Алмазбек Токторов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, мигранттар которгон акча ички дүң продукциянын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Аны биз жакшы билебиз, ошого көз карандыбыз. Улуттук валютага дагы чоң жардам болот. Мигранттарга көбүрөөк көңүл бурсак жакшы болмок.

Депутат Маданият министрлигинде башка жакка барып Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча кайрылганын билдирип, алардын каражаты жок экенин кошумчалады. Эл өкүлүнүн пикиринде, өкмөт акча маселесин чечип маданий күндөрдү, туристтик жарманкелерди өткөрүү зарыл.

"Якутияда, Бурятияда былтыр эмне болду? Алтайга, Тывага, Сибирге барып маданият күндөрүн өткөрүп койсо жакшы болот эле. Элге тааныштырып, кыргыздар жапайы эмеспиз, биз да силерге окшогон эле адамбыз десек", - деди депутат.

"Ошол эле туризм тармагында, туристтик жарманкелерди өткөрөлү, ошол жактын тургундарын бул жакка чакыралы, Ысык-Көлгө келип эс алып кетишсин, биздин маданиятыбыз менен таанышып кетет", – деп кошумчалады эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий