• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Депутат Рыспаев: Паспорттогу «улуту» деген графаны ордуна койгула

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Өзүӊөр жакшы билесиӊер, кезинде паспорттогу «улуту» деген графа боюнча калк арасында катуу талкуу болгон. Тилекке каршы, Өкмөт коомчулуктун, анын ичинде депутаттардын пикири менен эсептешпей, өз токтому менен биометрикалык паспорттон аны алып салган. Өтүнөрүм, жарандардын улутун жайына койгулачы. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жарандын улуту жөнүндөгү маалымат чипке түшүрүлгөн дешет, анын эмне кереги бар. Коомчулук талап кылып жатат, паспорттогу «улуту» деген графа көрүнөө турушу керек. Ошондуктан, Өкмөткө аны ордуна коюу боюнча протоколдук тапшырма бериш керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий