• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Депутат Саламаттык сактоо министрине: бизнесменсиз, джипти өзүңүздүн акчаңызга алыңыз

Коом 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Өзүңүз бизнесменсиз, джипти өзүңүздүн акчаңызга сатып алып айдай бериңиз. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев парламенттин жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып жатып билдирди.

"Өзүңүздүн алган джиптер боюнча. Аны Таласка берип жибердик деп кутулбай, өкмөттүн гаражына бердик деп. Аны тез арада сатып ордуна тез жардам машиналарын алыш керек", - деди депутат.

"Өзүңүз бизнесменсиз, жеке акчаңызга сатып алып айдай бериңиз джипти. Ал Дүйнөлүк банктын акчасы", – деп кошумчалады Нурбаев.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылы чыккан Toyota Rav 4 унаасын 42 миң долларга жана Toyota Land Cruiser Prado унаасын 59,2 миң долларга сатып алышкан. Бул унаалар Бүткүл дүйнөлүк банктан келген каражатка алынган болчу.

Министр Космосбек Чолпонбаев бул эки автоунаа эксперттердин аймактарга чыгып иштөөсү үчүн алынган, деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий