• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат санаторийлерде суулар тазаланбай, жай мезгилинде булганычтын булагына айланып жаткандыгына токтолду

Аймак 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү тууралуу мыйзамды аткарууда жетишерлик чаралар көрүлбөй жатат. Уникалдуу деп эсептелген Ысык-Көл көлүнүн экосистемасы бузулууда, канализациялык тутумдар иштебей жатат”,- деди депутат Экмат Байбакбаев бүгүн, 12-октябрда “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “КР биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы тууралуу, ошондой эле “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча өткөрүлгөн парламенттик угууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат шаарлардагы, айылдардагы санаторийлерде суулар тазаланбай, жай мезгилинде булганычтын булагына айланып жаткандыгына токтолду. “Дал ушул жайкы сезондо сууда фенолдор, оор металдар, мунай жана башка булганыч заттар пайда болот. Мындан сырткары, катуу таштандылар дагы өтө көбөйөт”,- деп кошумчалады депутат.

Анын маалыматы боюнча, Ысык-Көл курорттук аймагындагы - Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчыдагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалар моралдык жана физикалык жаткан дагы эскирип бүтүп, тезинен реконструкциялоого муктаж. Мындан сырткары, депутат Э.Байбакбаев көлдүн айланасында табыгый чыпкалоочу касиетке ээ чычырканак, барбарис сыяктуу бадал өсүмдүктөрү өрттөлүп, пляж жээктеринен тазаланып, алынып салынып жаткандыгын баса белгиледи. “Ар кандай булганычтарга толгон топурактын, жер үстүндөгү, жер астындагы суулардын табыгый тазаланышын шарттоодо чычырканак өтө маанилүү ролду ойнойт”,- деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий