• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат: Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы – жарандардын өз эркин билдирүүсүнө шарт түзүү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын алкагында иштелип чыккан конституциялык мыйзам долбоорлорунун топтомунун концепциясы каралууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Аида Касымалиеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун топтому стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу чараларынын бири болуп саналат.

"Мыйзам долбоорлору шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Мында эл аралык уюмдардын мониторинг жүргүзүү миссиялары иштеп чыккан отчеттордо камтылган сунуштамалар да эске алынды", - деди ал.

Старегиянын башкы максаты – жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууга бөгөт болгон көйгөйлөрдү чечүү, алардын өз эркин көз карандысыз билдирүүнө шарттарды түзүү. Ошондон улам, «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө», «КР референдуму жөнүндө» КР конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорлорунун концепциялары сунушталууда.

"Жарандарыбыз, ошондой эле эл аралык коомчулук шайлоо тармагында жүргүзүп жаткан реформалары жаатындагы олуттуу ийгиликтерди белгилөө менен бирге, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын ортосунда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салууга байланышкан белгилүү бир катар көйгөйлөр менен кемчиликтерди белгилөөдө. Демилгечилер шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр аларды четтетүүгө өбөлгө түзөт деген ойдобуз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий